• 87.32
  • 99.37
  • 1.05

Баткенде күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 18.07.23./Кабар/. Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-июлда болжол менен саат 21:52де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кадамжай районунун Сары-Талаа, Шуран айылдарында жана Айдаркен шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий