Баткенде эки күндө көмүр казып жаткан алты адам каза болду

Кырсык

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Баткенде эки күндө көмүр казып жаткан алты адам каза болду. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун Үч-Коргон айыл аймагындагы Боз тилкесинде үч адам (1998-жылкы А.А., 1977-жылкы Т.Б., 1986-жылкы М.Т.,) 45 метр тереңдикте өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып каза болушкан.

"Окуя болгон жерге ӨКМ ТККнын №4 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары, тез жардам кызматынан бир бригада тартылган. Куткаруучулар каза болгондордун жансыз денелерин чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Андан тышкары, 5-октябрда болжол менен саат 9:24тө “Абдукахар-Кен” шахтасынан газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМ кызматынан билдиришкендей, көмүр казылган жайдан чыккан газга ууланган беш адамдын үчөө ооруканада каза болгон. Жабыркаган эки адамдын абалы жакшы экендиги кабарланды.