• 86.47
  • 93.31
  • 1.03

Баткенде 3 тонна пиязды Тажикстанга мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Баткенде 3 тонна пиязды Тажикстанга мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды.

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 22-февралда Баткендин Лейлек районунун Сада жерлигинде 47 жаштагы Х.К. аттуу жаран Benz Sprinter унаасы менен 3 тонна пиязды Тажикстанга мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган.

Ведомстводон белгилешкендей, аталган жаран кармоо учурунда каршылык көрсөткөн. Документтер толтурулгандан кийин айдоочу, унаа жана жүк тиешелүү органдарга өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий