Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Баткен шаарындагы 90 койкалуу эски поликлиниканын ондоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата ички бузуу иштери 100%, чатырдын асбест шиверлерин демонтаждоо 50%, бетон, грунтовка жана шпаклевка иштери 55%, канализация 20%, пол иштери 15% жана электр чубалгылары 15% аяктаган.
Учурда 35 жумушчу иштеп жатат.
Белгилей кетсек, объектинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатат. Сметалык наркы 12 млн 256 миң 928 сомду түзөт. Жалпы аянты 1210 чарчы метр.