Бишкек, 25.07.20. /Кабар/. Баткен шаарындагы Садыков көчөсүнда жайгашкан жыгач устунду шифер жабылган сарай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун, 24-июлда болжол менен саат 21:53тө катталган. Тилсз жоодон сарайдын 720 чарчы метр чатыры жана 1500 түк чөп күйгөн.
Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан. Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылган. Жабыркагандар жок.