Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан "Өспүрүм – эмгек" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, рейддин алкагында Кара-Булак, Бужум айылдарындагы соода жайларында, курулуш тармагында эмгектин оор түрлөрүнө тартылган өспүрүмдөрдү аныктоо иштери жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек 5 өспүрүм эмгекке тартылганы аныкталып, анын ичинен 3 ата-энеге эскертүү актылары берилди. Ал эми 10 ата-энеге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өспүрүмдөрдү оор жумуштарга иштетпөө керектиги эскертилди.
Баткен РИИБи тарабынан өспүрүмдөрдөн оор жумуштарга тартылуусуна бөгөт коюу жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытында тынымсыз профилактикалык иштер жүргүзүлүп келүүдө.