Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Баткен облусунун жаңы жетекчиси облус активине тааныштырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, жаңы жетекчини министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев облус активине тааныштырды. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Айбек Шаменов президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Айбек Шаменов буга чейин УКМКнын төрагасынын орун басары, Антитеррордук борборунун директору кызматын аркалап турган.
Садыр Жапаров кол койгон башка жарлыкка ылайык, Баткен облусунун мурдагы башчысы Абдикарим Алимбаев УКМК төрагасынын биринчи орун басары – УКМКнын Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды.
Камчыбек Ташиев жетекчилерди жаңы кызмат орду менен куттуктап, жооптуу иштерине ийгилик каалады.
Пикир
Оставить комментарий