Баткен облусунун аймагы залалсыздандырылууда

Аймак

Бишкек, 05.07.20. /Кабар/. Баткен облусунда залалсыздандыруу иштери күн сайын жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июль күнү облустун Баткен, Кадамжай, Лейлек, Кызыл-Кыя райондорунун жана Сүлүктү шаарындагы борбордук базар, дүкөндөр, банктар, көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлери, аялдамалар жана башка эл көп барган жерлер залалсыздандырылды.

Дезинфекциялоо иштери республиканын бардык аймактарында улантылууда.