Бишкек, 12.10.20. /Кабар/.  Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгелер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-октябрдан тарта муктаждыкка жараша ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады. Учурда ооруканада 63 бейтап дарыланууда.
Ооруканага жылуулук берилип, зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалды. 3 өпкөнү дем алдыруучу аппарат, 60 кычкылтек концентратору орнотулду.
Облуста коронавирус оорусу менен ооругандар үчүн ооруканада жалпы 538 орун даярдалган.
 
	 
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
                                             
             
             
             
             
             
             
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий