• 87.02
  • 95.29
  • 1.05

Баткен облусунда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Кечээ, 28-июлда саат 23:08де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Баткен районунун Бужум, Достук айылында жана Баткен шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий