Баткен облусунда коомдук тамактануучу жайлар жабылат. Чектөөлөрдүн тизмеси

Аймак

Бишкек 14.07.20. /Кабар/. Баткен облусунда коомдук тамактануучу жайлар жабылат. Мындай чечим кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында облустук штабдын кезектеги отурумунда кабыл алынды.

Ага ылайык бир катар чектөөлөр киргизилет:

➖ 15-июлдан тарта аймактагы коомдук тамактануучу жайлар, ашкана, кафе, ресторан, бал муздак сатуучу жайлардын иштөөсүнө убактылуу абал турукташканга чейин тыюу салынат.

➖ 14-июлдан тарта облустун аймагындагы район, шаар аралык коомдук транспорттун каттоосуна убактылуу абал турукташканга чейин токтотуу чечими кабыл алынды.

➖ Район, шаарлардын башчыларына кырдаалга жараша райондук, шаардык штабдын чечиминин негизинде карантин киргизүү сунушталды.

➖ Санитардык-карантиндик посттон жеке такси кызматтарынын облустун аймагынан чыгууларына тыюу салуу, дыкат көзөмөлдөө, талапты аткарбаган айдоочуларга карата тийиштүү чара көрүү жагы белгиленди.