Баткен облусунда бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды

Аймак

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Баткен облусунда бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды, - деп билдирет өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Алишер Абдрахманов Баткен шаарындагы №8074-шайлоо участкасында добуш берди.

"Ыйгарым укуктуу өкүл алгач шайлоо тилкесинин салтанаттуу ачылышына катышып, жалпы элди КР ЖК шайлоонун башталышы менен куттуктады", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, пандемияга байланыштуу шайлоо участкаларында жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн.

Бул күнү коомдук тартипти камсыз кылууга 622 милиция кызматкери тартылган.

Баткен облусунда 215 шайлоо участкасы, 284 265 шайлоочу бар.