Баткен облустук ички иштер башкармалыгында жылдын мыктылары аныкталды

Аймак

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Баткен облустук ички иштер башкармалыгында жылдын мыктылары аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кесиптик чеберчилиги, кызматтык милдеттерине ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөн кызматкерлерге, башкача айтканда өз кесибинин мыктыларына, ошондой эле жер-жерлердеги коомдук иштерге активдүү катышкан ардагерлер кеңешинин мыктылары аныкталды.

Баткен ОИИБнин “Кесиби боюнча мыкты”, “Мыкты ички иштер бөлүмү”, “Мыкты ардагерлер кеңеши” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө атайын дипломдор, сыйлоо тасмасы, вымпелдер тапшырылды.

“2020-жыл ичинде "мыкты ички иштер бөлүмү " болуп 1-орунга Кадамжай РИИБи, 1-даражадагы диплом, жана Вымпел, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өткөрүлүп берүүчү "Кызыл туусу " менен сыйланды. 2-орунга Лейлек РИИБи 3-орунга Баткен РИИБи ээ болушту. Ал эми мыкты ардагерлер кеңеши деп 1-орунга Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы майору Ниймат Арапов табылса, 2-орунга Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы подполковниги Алимбек Боронов сыйланды. Ал эми 3-орунга Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы подполковниги Карим Саттаров ээ болду”, - деп айтылат билдирүүдө.

2020-жылда Баткен облусундагы шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрү алгылыктуу иштерди жасашып, ийгиликтерге жетише алды. Жер-жерлерде иш алып барышкан милиция кызматкерлери профилактикалык иштерди жандандыруу максатында кылмыштуулуктун алдын алуу багытында бир топ иш-чараларды өткөрүштү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Баткен ОИИБнин башчысы Акылбек Мамасейитов “Коомдук тартипти сактоо – биздин милдет. Ар бир үлгүлүү иштеген кызматкер биздин сыймыгыбыз” деп жалпы өздүк курамды эл менен сылык болууга жана ар бир кызматкерди өз кызматына жжопкерчиликтүү менен мамиле жасоого чакырып кетти.