Баткен—Фергана—Согди облустарынын башчылары жолугушат. Эмне талкууланат?

Аймак

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Өзбекстандын Фергана шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чектеш облустарынын башчыларынын үч тараптуу жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Билдирүүдө маалымдалгандай, 22-апрелде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин жетекчилиги астындагы облустук делегация Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен Өзбекстандын Фергана облусуна барат.

23-апрелде Фергана шаарында Баткен-Фергана-Согди облустарынын бизнес коомчулугунун катышуусунда “Чек ара аймактарын интеграциялоо – өнүгүүнүн кепилдиги” аталышындагы үч тараптуу бизнес-форум өтөт.

Анын алкагында өнөр жай жана айыл чарба жаатында кызматташууга арналган пленардык жыйындар өтөт. Ошондой эле B2B жана G2B форматындагы сүйлөшүүлөр үчүн аянтча уюштурулат.

Иш-чаранын алкагында үч облустун башчыларынын жолугушуусу каралган.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү облустун ири өнөр жай жана айыл чарба ишканаларынын иши менен таанышат жана Фергана облусунун өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсүнө катышат.