Башталгыч класстар үчүн iBilim мультимедиялык комплекси мектептерде колдонула баштады

Коом

Бишкек, 31.10.18 /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан iBilim мультимедиялык комплексин мектептерде колдоно башташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, материалдар кыргыз жана орус тилдеринде on-line жана off-line версияда кийинки сабактар боюнча берилген:

  • Англис тили;
  • Математика;
  • Сүрөт;
  • Музыка;
  • Табият таануу;
  • Кыргыз тили;
  • Орус тили.

Биринчи этапта аталган ресурс 60 инновациялык мектепке сунушталса, азыркы учурда баардык мугалимдер, балдар жана алардын ата-энелери тарабынан колдонууга мүмкүн болуп калды.

Аталган комплекс мугалимдерге балдарга сабак берүүдө чыгармачылык мамиле жасоого жана аларды кызыктуу жана натыйжалуу кылууга шарт түзөт. Окучуларга сабакты жакшы түшүнүүгө жардам берет.