Башкы прокурордун биринчи орун басары дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Дарданов Нурлан Камалбекович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.