Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын күн чыгыш тарабында сел суулары өтүүчү Уу-Булак тилкесиндеги дамбаны куруу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, иш-чара сел ташкындарын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында Барскоон айыл өкмөт тарабынан жасалып жатат.
ӨКМ тарабынан 225 даана габион торчолору жана 500 литр дизелдик күйүүчү майлары бөлүнүп берилди.