Бишкек, 18.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Балыкчы шаарынан алыс эмес жерде Боом капчыгайында Man маркасындагы жүк унаасы күйүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрт тууралуу билдирүү 16:27де түшкөн. Жалындаган жүк унаасы унаалар өтүүчү жолдо турат. Жеринде бир өрт өчүрүү бөлүгү иштеп жатат.
Ведомстводон билдиришкендей, кийинчерээк кошумча маалымат берилет. Тармактарда күбөлөр окуя болгон жерден сүрөттөрдү жүктөшкөн.