Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев райондук администрацияларда жашоо шартын жакшыртууга муктаж каттоодо турган балдар үйүнүн алты бүтүрүүчүсүнө батирлердин ачкычын тапшырды.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова катышты. Ал өз сөзүндө мэрге мындай демилгелери үчүн ыраазычылык билдирди.
Батирлер төмөнкүлөргө берилди:
• Емельянов Ю.Н. - Краснореченская атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернатынын тарбиялануучусу;
• Байбосунов И.У. - жетим;
•Жекшенов Н.С - Краснореченская атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернатынын тарбиялануучусу;
• Нукеш У.К. - жетим;
• Эркинбекова Ж.Э. - жетим;
• Атанов Б.К. - жетим.
Ошондой эле турак жай маселелери боюнча коомдук комиссиялардын курамына балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрүн киргизүү чечими кабыл алынды.