Балбан Нурзат Нуртаева Азия чемпионатында алтын медаль жеңди

Спорт

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева Азия чемпионатында (U-23) алтын медаль утту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, ал мелдешке 68 кг чейинки салмакта катышып, алгачкы айлампада монголиянын балбанына 7:5 эсебинде жеңилген.

Экинчи айлампада казакстандык спортчуну 1:1 эсебинде утуп, чечүүчү беттеште индиялык Приянка Приянканы 4:3 эсебинде жеңип өз салмагында Азия чемпиону болду.

Ошондой эле чемпионатта килемге чыккан Кайыргүл Шаршебаева күмүш, Арууке Кадырбек кызы коло медаль тагынды.

Белгилей кетсек, Азия биринчилиги Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат.