Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирде алтын медаль жеңди.
Мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.
77 кг чейинки салмак ченинде күрөшүп жаткан кыргыз балбаны алгач украиналык спортчуну 12:2 эсебинде, андан соң алжирлик спортчуну 9:1 эсебинде, ал эми колумбиялык балбанды 12:1 эсебинде утуп, финалга чыккан.
Акжол Махмудов финалда польшалык спортчу менен кез келип, анын мөөнөтүнөн мурда 8:0 эсебинде утуп, алтын медалга татыды.
 
	 
                                                         
                     
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий