Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдүн губернаторлугунан кетти

Кадр саясаты

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Түлөбаевдин кызматтан кетүүсүнө башка жумушка которулуп жаткандыгы себеп болгон.