• 86.5
  • 93.21
  • 1.03

Балбак Түлөбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Депутат Балбак Түлөбаев Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында аталган комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралып, кызмат ордуна Балбак Түлөбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Добуш берүүнүн негизинде Түлөбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Пикир

Оставить комментарий