Бакытбек Дюшембиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде кол койгон буйрукка ылайык Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Дюшембиев Бакытбек Осмонович мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.