Баку шаарындагы Кыргызстандын элчилигинде жаңыланган туу көтөрүлдү

Коом


Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Баку шаарында жайгашкан Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы элчилигинде Кыргыз Республикасынын жаңыланган туусун көтөрүү аземи болуп өттү.

Желекти Кыргызстандын Азербайжандагы жана Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев көтөрдү.