Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Жыт билүүнүн жоголуусу, тамак оору, үндүн каргылдануусу жана ашказан-ичеги-карын оорулары менен коштолгон баш оору, белгилери көбүнчө ууланууга окшош.
Вирус буга чейинки штаммдарга караганда кыйла активдүү, ашказанда көбөйөт.
«Стелс-омикронго» кимдер көбүрөөк кабылат?
«Дельта» штаммы боюнча тобокел топко киргендер бардык адамдар.
«Стелс-омикрон» айрыкча эмделбегендерди жабыркатат, - дейт Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адам керектөөсүн көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын Эпидемиология БИИБ директорунун клиникалык-аналитикалык иштер боюнча орун басары Наталья Пшеничная.
Жөнөкөй «омикрон» менен ооруп айыккандар анын жаңы вариантын жуктуруудан корголгон эмес.
‼️Вакцина ооруканага жатып калуунун эң оор кесепеттеринен жана өлүмдөн сактайт.