БА мамлекет башчыларынын VI консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Президент

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-августта, Астана шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын VI консультативдик жолугушуусуна катышты.

Иш-чара Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюп, кабыл алышты:

1. Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Алтынчы Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Борбор Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү.

2. “Борбор Азия-2040” аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү концепциясы.

3. 2025-2027-жылдарга аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жол картасы.

4. “Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Ардак белгиси менен сыйлоо жөнүндө” Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын VI консультативдик жолугушуусунун чечими.