Бүгүн Жалал-Абад облустук милициясында бир катар журналисттер сыйланды

Аймак

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-декабрь – радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү. Бул датага байланыштуу бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы менен тыгыз кызматташкан бир катар журналисттер ардак грамоталар менен сыйланды.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, журналисттерге Жалал-Абад ОИИБ башчысынын орун басары Марат Масиркулов сыйлыктарды тапшырып, кесиптик майрамдары менен куттуктады. Ошондой эле бекем ден соолукта болуп, иштеринде ийгиликтер коштоосун каалады.

Өз кезегинде сыйлык алгандар милицияга ыраазычылык билдиришти.