• 87.45
  • 101.25
  • 1.1

Бүгүн Улуттук адабият күнү белгиленет

Коом 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Улуттук адабият күнү белгиленет. Бул күнү адабият күнүнүн урматына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата бир катар иш-чара өткөрөт.

Иш-чараны маданият, маалымат жана туризм, билим берүү министрликтери, USAID агенттигинин “Келгиле, окуйбуз!” жана “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” долбоорлору биргелешип уюштурууда.

Кыргызстанда 12-декабрь Айтматовдун урматына улуттук адабият күнү катары жарыяланган. Ал 2011-жылдан тарта өкмөттүн чечиминин негизинде белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий