Бүгүн Садыр Жапаров түз эфирде өлкө элине кайрылуу жасайт

Президент

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрда саат 12:30да президент Садыр Жапаров түз эфирде кайрылуу жасайт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбеков билдирди.

Түз эфир УТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда көрсөтүлөт.