Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-июлда Ош шаарында троллейбустар каттарга чыкпайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мэриянын билдирүүсүнө караганда, ага троллейбустук линиялардын үзүлүп кеткендиги себеп болгон, учурда оңдоо иштери жүрүүдө.