• 87.45
  • 99.2
  • 1.06

Бүгүн Кыргызстан - Иран футболдук беттеши өтөт

Спорт 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстан - Иран футболдук беттеши өтөт.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, Кыргызстандын курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпиондугунун үчүнчү тандоо раундунун алкагында Ирандын курамасы менен ойнойт.

Оюн борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.

"Ак шумкарларыбыз сиздерден колдоо күтөт! Трибунада жаңырган ар бир үн, аларга күч берип жаңы жеңиштерге шыктандырат", - деп белгилешти биримдиктен.

Эскерте кетсек, Кыргызстан - Иран беттешине билеттер kassir.kg сайтында сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий