• 87.45
  • 94.92
  • 1.03

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "ХБО" суу алгычын жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 24-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Анкара - Горький көчөсү, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрь көчөсү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий