Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Бүгүн, 14-августта айрым аймактарда газ жок болот, - деп билдирет “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 12:00-17:00гө чейин Сокулук айылынын Батаев, Свердлов, Ленин көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулат.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.