Азиз Аалиев КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Аалиев Азиз Кубанычбекович КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.