Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

Спорт

Бишкек, 20.08.18. /Кабар/. Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия-2018 оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштөн финалга чыкты.

Тыныбекова жарым финалда Индиялык Малик Сакшини 9:7 эсебинде жеңген.

Кыргызстандын спортчу финалда Монголиялык Орхон Пуревдорж менен беттешет.

Эске сала кетсек, эркин күрөш стилиндеги мушкер Магомед Мусаев Азия оюндарында Кыргызстан үчүн алгачкы “күмүш” медалды утуп берди.