Бишкек, 05.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Мьянма ортосундагы беттеш 10-октябрда өтөт. Бул тууралуу КР футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, оюн Мьянманын Янгон шаарындагы Thuwunna YTC стадионунда өтөт.
Кыргызстандын курама командасы оюнга карата даярдана баштады.
Эске сала кетсек, 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Мьянма өлкөсүнүн футболдук беттеши болмок.
 
	 
                     
                     
                    
Пикир
Оставить комментарий