Азамат Жаманкулов маданият министри болуп дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Жаманкулов Азамат Капарович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.