Бишкек, 12.06.20./Кабар/. Ат-Башыда шамалдан жабыркагандарга камсыздандыруу уюмунан акчалай жардам берилди. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ат-Башы районунда үстүбүздөгү жылдын 8-апрель күнү катуу шамалдын кесепетинен бир катар турак жайлар жабыркаган. Алардын ичинен 7 тургундун турак жайы камсыздандырылган. Үйлөрү камсыздандырылган 7 үй-бүлөгө мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан жалпы 82 миң 306 сомдү түзгөн сертификаттар тапшырылды.
Белгилей кетсек, болуп өткөн катуу шамал район боюнча 67 үйдүн жана 83 короо жайдын чатырын учурган.