• 86.87
  • 100.41
  • 1.08

Ат-Башыда 1000 түк чөп күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Ат-Башыда 1000 түк чөп күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында ачык аянтта болжол менен 1000 түк чөп күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, өрт саат 03:33тө чектөөгө алынып, толугу менен саат 09:03тө өчүрүлдү.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий