Астраханда мотоцикл айдоочусу Кыргызстандык пенсионерди сүзүп кетти

Кырсык

Бишкек, 21.08.17 /Кабар/. Россиянын Астрахань шаарында мотоцикл айдоочусу 63 жаштагы Кыргызстандык пенсионерди сүзүп кеткенин astrakhan-24.ru басылмасы жазат. Жол кырсыгы 20-августта кечинде болгон.

ИИМден кабарлашкандай, жөө жүргүнчү жол чыракта кызыл күйүп турганда өтүп бара жаткан. Натыйжада пенсионердин мээси чайкалып, башынан жабык түрдөгү жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда иликтөө иштери башталды.