Аскердик кармаш урушу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Спорт

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда аскердик кармаш урушу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 26-27-февраль күндөрү өтчү мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

Эркектер арасында: 57, 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, 95, +95 кг;

Кыз-келиндер арасында: 55, 60, 65, 70, +70 кг;

+35 жаш (эркектер арасында): 77, +77 кг;

Комплекстүү мушташ (эркектер арасында): 86, +86 кг.

Мелдештин программасы:

Башталышы: 26-февраль саат 9:00;

Салтанаттуу ачылыш аземи: 26-февраль саат 14:00;

Финалдык беттештер: 27-февраль саат 9:00.

Белгилей кетсек, аскердик кармаш урушу боюнча республикалык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция жана Кыргызстандын аскердик кармаш урушу боюнча федерациясы тарабынан уюштурулууда.