Аскар Бешимов Кыргызстандын Шри-Ланкадагы элчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Аскар Бешимов Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Шри-Ланкадагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.