Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Бүгүн өлкө аймагындагы стратегиялык унаа жолдордо, ашууларда жолдор ачык, каттам бар.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Тараз – Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашуусунда да унаа кыймылына чектөө жок.
Жолчулар тарабынан тынымсыз инерттик материалдарды себүү, жолго түшкөн кар күрткүлөрүн тазалоо, жол жээгин кеңейтүү иштери аткарылууда.
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 290-291-293-чакырымда жана Кочкор – Арал – Тɵɵ-Ашуу унаа жолунда суу өтүүчү түтүкчөлөрдөгү муздарды чагуу жана жол жээгин тазалоо иштери жүрүп жатат.
Министрлик алыс жолго чыккан айдоочуларга жол эрежесин сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.