Ашууларда жол ачык – Транспорт министрлиги

Аймак

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Транспорт жана жол министрлигинин жолчулары таң эртеден ашууларга жааган карды тазалап, инерттүү материалдарды себишүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автожолундагы "Төө-Ашуу", "Ала-Бел", Суусамыр-Талас-Тараз автожолундагы "Өтмөк" ашуусунда кар жаап жатат. Адистер жолдорду тазалашууда, унаалар үчүн жол ачык.

Жолду тазалоо үчүн атайын техника тартылган, ошондой эле жолчулар зарыл болгон инерттүү материалдар менен камсыздалышкан.