Ашууларда каттам бар, жол ачык – Транспорт министрлиги

Аймак

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Бүгүн өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатат.

Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек - Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолунда, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.

Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында жол ачык. Жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Министрлик айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.