Бишкек, 22.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Исаев Асеин Кусеинович Индия Республикасынын Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Бангладеш Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.