• 87.45
  • 99.46
  • 1.07

Артем Новиков Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат

Өкмөт 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков эртең, 5-декабрда Нарын облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө өкмөт башчынын м.а. «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши, ошондой эле бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий