Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Кыргызстанга келди

Саясат

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан аны Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму – «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм.

Уюмга Россия Федерациясы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан Республикасы мүчө болуп саналат.