Антонина Шевченко UFC мелдешинде экинчи беттешин өткөрөт

Спорт

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. UFC чемпиону Валентина Шевченконун эжеси Антонина Шевченко Санкт-Петербургда өтө турган UFC мелдешинде экинчи беттешин өткөрөт. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында айтылат.

Мелдеш 20-апрелде өтүп, анда Шевченконун атаандашы америкалык Роксанн Модаффери болот.

Белгилей кетсек, Антонина Шевченко былтыр декабрь айында UFC мелдешинин алкагындагы алгачкы беттешинде түштүк кореялык Жи Йон Кимди утуп алган.